Бүгүн таңга жуук Туркиянын Стамбул шаарында беш кабаттуу имарат урап түшүп, кеминде эки адам курман болду
Бүгүн таңга жуук Туркиянын Стамбул шаарында беш кабаттуу имарат урап түшүп, кеминде эки адам курман болду
Дагы он алты адам оор жараат алганын бийлик өкүлдөрү кабарлады. Имаратта канча адам болгондугу такталып жатат. Кырсыктын себептери тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.