Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

15:50 Мюллер: HIPC – Кыргызстан үчүн карыздан кутулуунун ыңгайлуу жолу


Мындай пикирин бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында ЕККУнун Бишкек кеңсесинин башчысы Маркус Мюллер билдирди. Мюллердин көз карашында, байлык ресурстары чектелүү Кыргызстандын карыздан кутулушу үчүн Эл аралык каржы уюмдары сунуштаган HIPC программасы менен Париж клубунан башка жолду табуу кыйын болот. HIPCтен айырмасы Париж клубу мөөнөттү узартканы менен, эртеби-кечпи карызын төлөтүп алат, - дейт элчи. Кыргыз өкмөтү кечээ HIPC программасына кирүүдөн баш тартып, карыздын кутулуунун башка жолдорун иликтөөгө киришти. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын 2 миллиард доллар тышкы карызы бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG