Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ «ЦЕНТЕРРАДАГЫ» АКЦИЯЛАРЫН САТУУ ЖОЛДОРУН СҮЙЛӨШҮҮДӨ


Өкмөттүн канадалык «Камеко», “Центерра” менен алтын келишим шарттарын өзгөртүү тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн биринчиси аяктады. Жакынкы арада ал дагы улантылып, кыргыз өкмөтү койгон талаптарга канадалык «Камеко» корпорациясы макул болорун же болбосун билдирмекчи. Буга кошумча өкмөт «Центеррадагы» калган акцияларын да сатууга куштар.

«Кумтөр» алтын кенинин «Центерранын» тутумуна киришине Н.Танаевдин өкмөтү парламент каршылыгына карабастан макулдугун берген. Анан да Кыргызстанга тиешелүү 33% акциянын жарымынан көбүн сатууга коюп, андан 85 миллион доллар пайда көргөн. Эгер акциялар сатылбай турса андан Кыргызстан ушу тапта 400 миллион долларга бираз жете бербеген кирешеге ээ болору эми ачыкка чыгууда. Өкмөт калган акцияларды да сатып, андан түшкөн акчаны Өнүгүү фондусун тикелөөгө жумшай тургандыгын 1-вице-премьер-министр Д.Үсөнов ырастады.

- Биз Өнүгүү фондун түзөлү деп атпайбызбы. Анан биз эртеби-кечпи акцияларды сатабыз. Ошону кимге сатабыз? Ошонун үч-төрт вариантын сүйлөштүк.

1996-жылдан бери «Кумтөрдөн» 181 тоннадан ашуун алтын казылып алынган. Тоо кыртышынын жылып кетишинен улам Кыргызстандын ички дүң продуктусунун 4,3% ээлеген ири ишкананын өндүрүш ырааты кыйла төмөндөп, өткөн жылы ал 9,4 тонна алтын өндүрдү. Быйылкы жылы комбинат баштагы калыбына келип 14 тонна алтын казып алары болжолдонууда.

Дүйнөлүк базарда бир унций алтындын баасы 789 долларга чыгып, ишкананын кирешеси жыл санап өсүп баратат. Бирок да анын мамлекеттик салык төлөмдөрү 1 миллиард 207 миллион сомду түзөт. Буга чейин компания менен түзүлгөн келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыктары толук эсепке алынбаганын белгилеп, өкмөт «Камеко» менен «Центерра» жетекчилиги менен шарттарды жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын биринчиси натыйжасыз аяктаганын 1-вице-премьер-министр Д.Үсөнов ырастады.

- Жыйынтык болгон жок жана да боло албайт. Алтындын баасы кыйла өсүп жатат. Ошол өсүштөн Кыргызстан бир жакшылык көрөбү-көрбөйбү? Себеби алардын кирешелери өсүп жатат.

Буга кошумча, «Кумтөрдүн» жанынан табылган жаңы кен боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосунда өзүнчө келишим түзүү милдети турат. Кыргызстандын Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, мурдагы башкы келишимде жаңы кен табылса аны кантип иштетүү шарттары белгиленген эмес.

- «Мурун силер муну эске алган эмессиңер. Анткени алтындын баасы азыраак болчу. Анан да ал башкы келишимде көрсөтүлгөн эмес. Силер этибарга албай келип, эми таптык деп жатасыңар. Ошондуктан биз жаңы келишим түзүшүбүз керек», дегем.

Антип жаңы кенди иштетүүгө башка талап-милдет коюлуп атышынын себеби «Жерүйгө» байланыштуу. «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Жакыповдун ырасташынча, «Глобал Голд» компаниясы салык, концессия төлөмдөрүн толугу менен аткаруу милдетин өзүнө алган.

- Эски инвесторго карганда бу жаңы шарттар жакшыраак. Төлөмдүн баарын, салыктын баарын бул мекеме төлөйт. Эч кандай жеңилдетүү жок.

«Кумтөр» алтын кенин иштетүү шарттары канадалык компания үчүн ыңгайлуу түзүлүп, андан Кыргызстан чоң киреше албаганы ушу азырга чейин айтылып келатат.

- Расмий маалымат мындай, 15 жылдын ичинде «Кумтөрдөн» Кыргызстандын бюджетине 149 миллион доллар түштү,- дейт Данияр Үсөнов.

Ал эми «Центерра Голд» компаниясы 1994-жылдан бери алтын кен комбинатынын Кыргызстанга төлөмдөрү 750 миллион долларга жеткенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG