Таластын Бекмолдо айылынын тургундары Жерүйгө кеткен жолго үч боз үй тигип, бир жумадай убакыттан бери эч кимди өткөрбөй турушат. Алар алгач буга чейин берилген убадалардын аткарылышын талап кылса, кийинчерээк кенди биротоло жабуу талабын койо башташты. Премьер-министр Азим Исабеков да Жерүйдү иштетүү уруксатын алган Австриянын «Глобал голд» компаниясы өкмөт койгон шарттарды аткарбай жатканын буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирген. (SM)