Бул тууралуу НАТОго караштуу күчтөрдүн өкүлү Том Коллинс билдирди. Анын айтымында талибдер Гильменд, Фара, Урузган, Кандагар жана Гор провинцияларында чогулууда. НАТОнун күчтөрү талибдер кол салууга даярданып жаткан аймактарда операцияларды өткөрөт деп кошумчалады полковник Коллинс.