АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын кеңешчиси Стивен Хадлей НАТОго кирген өлкөлөрдү Ооганстанга кошумча жоокер жөнөтүүгө ынандырды. Ооганстанга кошумча аскерлер жиберлибесе, Европанын жана Американын коопсуздугу үчүн коркунуч жаралат деп айтты Хадлей Брюсселде НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен жолугушуу учурунда. Учурда Ооганстанда НАТОнун 33 миң жоокери кызмат өтөөдө.