Бул тууралуу кечээ премьер-министр Тони Блэр билдирди. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Блэр калган жоокерлер Иракта 2008-жылга чейин кызмат өтөөрүн билдирген. “Британдык жоокерлер Ирактын коопсуздук күчтөрүнө колдоо көрсөтөт. Алар Ирак менен Ирандын тогошкон чек арасын кайтарат жана экстремисттик топторго каршы операцияларды уюштурат” деп айтты Тони Блэр. Учурда Иракта Британиянын жети миң бир жүз жоокери кызмат өтөөдө.