НАРЫН. Аялдарга карата көрсөтүлгөн зомбулуктун келип чыгышынын бир өңүтү аскер бөлүктөрүндө түзүлгөн жагдайларга байланыштуу, деп билдирди “Инсан диамонд” коомдук бирикмесинин Түштүктөгү жетекчиси Жамийла Капарова. Анын айтымында, аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн уландар ал жердеги аскер шарттарынан улам зомбулук көрсөтөт жана кийинки жаш жоокерлерди сабашат. Ал эми үйлөнгөндө ошол адатын аялдарынан чыгарышат. Капарова ошондой эле Ош, Жалалабат жана Баткенде аял затты каада-салт, үрп-адаттын зомбулугун тартса, Нарын тарапта кыз алакачуу зомбулугу күч экендигин белгиледи. Кочкор районундагы “Остер” бей өкмөттүк уюмдун лидери Эркин Мукашева улуттук педагогика унтулуп, үй-бүлөлүк тарбия башаты жоголгондугунан улам ажырашуулардын көрсөткүчү 60-65 пайызга жеткенин билдирди.(UK)