Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

ТОО СИЛКИНИП ТҮЗ БОЛДУ…


Быйыл Кыргызстанда жер титирөөлөрдүн көп болушу күтүлүүдө. Мындай божомолго Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун адистери кыйла жылдык илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында келишкен. Тоо катмарынын маал-маал жылып турушу зилзаланы көбөйтөт. Окумуштуулардын айтуусунда, Кыргызстандын түштүгү менен Чүй боорунда жер титирөөлөр арбын болушу ыктымал.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун лаборатория башчысы Эрнес Мамыровдун айтуусунда, жер титирөөлөр биралдын күчөп, кайра басаңдап, бирок да үзгүлтүксүз жүрүп турчу көрүнүш.

- 2003-жылдан тарта жер титирөөлөр көбөйүп, 2008-жылдан тарта ал кайта азайып кетиши мүмкүн. Түштүктү алсак, түндүккө салыштырмалуу ал жерде жер титирөөлөр төрт эсе көп. Майдасы, чоңу бар. Ошон үчүн бизди абыдан коркутуп жаткан түштүк болууда. Баткен менен Лейлекте жер титирөөлөр болуп кетпедиби. Ошондон кийин карасак бүт жер титирөөлөр жанагы майда курт-кумурскадай жабыла чыгып көбөйүп атат. Мына, март жакындап калды. Ошондо жер титирөөлөр көбөйүп кетиши мүмкүн. Анан кайта азайып-азайып олтуруп июнда кайра көбөйө баштайт. Эң көбөйгөн убактысы - июль, август. Анан кайта азайып, бирок да ноябрдан тарта көбөйө баштайт. Ноябрь, декабрь, январь айлары. Эми биздин түштүктө март-апрель айларында 8 эмес, 6 –7 балл жер титирөөлөр көбөйүп кетиши мүмкүн,- дейт Э.Мамыров.

1994-жылы Сейсмология институтунун кызматкерлери Кыргызстандын аймагында жер титирөө болуш ыктымалдыгын көрсөткөн карта түзүшкөн. Анда көрсөтүлгөн жерлердин кыйласында бул аралыкта жер титирөөлөр катталды, илимпоздордун болжолунун 70% ашууну ырасталды.

Өкүнүчкө, илимпоздор жер титирөөнүн качан болорун так айта алышпайт. Зилзала коркунучу алдында жашаган жерлердин баарында бышык үйлөрдү, кебелбес имараттарды куруу аракетин көрүп келишет. Сейсмология институтунун директору Канат Абдырахматовдун ырасташынча, Кыргызстанда бул жагынан дурус деп айтар иштер аз. Экономикалык оорчулуктун айынан сокмо дубал үйлөрдүн саны көбөйүүдө.

- Бишкектин жанындагы жаңы конуштар «Көлмө», «Арчабешик» деген кырктан ашуун айылдар бар эмеспи. Ошол жерлерде курулган үйлөрдүн 90% жер титирөөнүн 7 – 8 баллына туруштук бере албайт.

Илимпоздун айтуусунда, үй ээсинин өзү жашап жаткан тамын бекемдеп алуу аракетине көп деле ыгым-чыгым кетпейт, дубал бурчтарын кырлуу темирлер менен бекитип коюуга анчалык деле акча талап кылынбайт. Элдик курулуштун тажрыйбасынан сыгылып чыккан Баткен жергесиндеги «сынч дубал» ыкмасын жайылтуу жакшы натыйжа берет, бирок да ал жер шарты жылуу жерлерге ыңгайлуу, дейт К.Абдырахматов.

Курулуштун сапаты барып-келип адам өмүрү менен өлчөнөрүн Эрнес Мамыров Айастандагы Спитак, АКШдагы Калифорния жер титирөөлөрүнүн мисалында ырастады.

- 1988-жылы Арменияда Спитакта жер титирөө болбодубу. Расмий маалыматтар боюнча 25 миң киши, жөнөкөй маалыматтар боюнча 50 миң киши каза болгон. Ошондой эле жер титирөө бир жылдан кийин Америкада болду. Ал жерде болгону 25 киши набыт болду. Ошондой эле күч менен жер титирөө болгон.

Сейсмология институтунун лаборатория башчысы Медербек Өмүралиевдин айтуусунда, көпчүлүк кызыккан суроо качан жер титирөө болотко барып такалат. Кыргызстандын илимпоздору сейсмикалык карта түзүшүп, аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигине беришкен.

- Азыркы кезде бизде технология коңшу өлкөлөрдөй эле иштеп жатат. Атүгүл айрым көрсөткүчтөр жагынан азыраак алдыдабыз деп мактанып койсок да болот,- деп айтты М.Өмүралиев.

Кыргызстан жер титирөө коркунучунда турган аймак. Сейсмология институтунун экспедиция башчысы Үмөтаалы Шүкүровдун маалымдашынча, эң ири жер титирөөлөр мезгил-мезгили менен такай кайталанат.

- Ошол жер титирөөлөрдүн «сүрөттөрү» деп койсок болот, баары жазылып, бизде сакталып турат.

Жер титирөөнү изилдеп келаткан окумуштуулардын кеңеши: табигый кырсыктан сактануунун жападан-жалгыз жолу - сапаттуу курулуш, калктын кырсык болгон учурда эмне кылышты билүүсү. «Манаста» айтылмакчы «Тоо бузулуп түз болду» дегендей, каражердин ичте топтолгон опсуз энергиясы мезгил-мезгили менен сыртка бүркүлүп, камсыз-чомсуз отургандарга алмустактан бери мүшкүл салып келатат.

XS
SM
MD
LG