Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

7:00 Таласта Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы нааразылык чара токтой элек


Кечээ облус губернатору Байымбет Мураталиев жол тоскон эл менен жолугушуп, кенди иштетүү уруксатын алган Австриянын «Глобал голд» компаниясы Бекмолдо айыл өкмөтүнө бир миллион доллар бөлүп бермекчи болгонун билдирди. Бирок эл ага ишенбей берилген убадага өкмөттүк комиссия кепилдик беришин талап кылууда. Аталган айылдын тургундары Жерүйгө кеткен жолго үч боз үй тигип, өткөн ишембиден бери эч кимди өткөрбөй турушат. Алар алгач буга чейин берилген убадалардын аткарылышын талап кылса, кийинчерээк кенди биротоло жабуу талабын койо башташкан. (SM)

XS
SM
MD
LG