Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

РОССИЯНЫ КУШ ТУМООСУНУН КОРКУНУЧУ ТООРУП ТУРАТ


Акыркы маалыматтар боюнча куш тумоосунун очоктору Москва областынын бери дегенде жети районунда пайда болду. Баары болуп андан 500гө жакын канатуу кырылып калды. Оорунун жайылышына бөгөт койуу үчүн тумоо очокторунда багылган үй канаттуулар жок кылынууда.

Тумоологон канаттууларды баккан ондогон адамдар азыр медициналык текшерүүдөн өтүүдө, бирок коркунучтуу вирустун адамга жуккан учуру Россияда каттала элек. Россиянын айыл чарбачылыгын көзөмөлдөө кызматынын башчысы кечээ өткөргөн пресс-коференцияда сасык тумоо чыккан баардык райондордо 21 күндүк карантин жарыяланып, вирустун жайылуусуна бөгөт койуу үчүн баардык чаралар көрүлгөндүгүн билдирди. Сасык тумоо чыккан жерлер, ылаңдаган канаттуулар менен арпалышкан адамдардын кийимдери менен буйумдары дезинфекциядан өткөрүлдү. Вирус чыккан райондор санитардык тосмого алынып, өткөн -барган машинелер дезинфекцияланууда.

Ушул аптанын башында Россиянын айыл чарбачылыгын көзөмөлдөө кызматынын башчысы Николай Власов сасык тумоонун вирусу Россияга чет элден алынып келинген экзотикалык канаттуулардан жукканын божомолдогон. Областтын "Садовод" деген базарында жүргүзүлгөн текшерүүлөр базарда санитардык жана ветеринардык эрежелер көп учурда сакталбай атканын көрсөттү. Мындан мурдараак сасык тумоо ушул базардан сатылып алынган үй канатууларынан чыккандыгы маалымдалган.

Эксперттер сасык тумоонун очоктору келгин куштардын жазгы жер которуусу менен күч алат, деп жатышат. Жапайы канаттуулардын миграциясы марттын орто ченинен ары башталат.

Сасык тумоо вирусунун h5n1 штамы адам үчүн коркунучтуу. Оору чыккан 2003- жылдан бери андан дүйнөдө 150дөн ашык адам каза болду, жүз миңдеген баш үй канаттуу кырылып калды. Эгерде вирус өзгөрүп, адамдан адамга жугуучу түргө өтө турган болсо, ал адамзатка чоң коркунуч келтирмекчи. Азырыныча вируска каршы тассирдүү вакцина иштелип чыга элек.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Борис Грызлов бул окуянын айланасында ого эле көп дүрбөлөң салбоого чакырып, бул ооруну кымбат чет элдик вакциналардын сатылышына кызыктар агенттер жайылтып жатат деп божомолдоду.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG