Бул тууралуу Кабулда президент Хамид Карзай менен сүйлөшүү учурунда НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер билдирди. НАТО ооган армиясын каржылайт, ал эми ооган өкмөтү жер-жерлердеги коррупция жана маң заттардын аткезчилиги менен күрөшүшү керек деп кошумчалады баш катчы.