Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

13:40 Ата Мекенди коргоочунун күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү


Улуттук опера жана балет театрында өткөн салтанаттуу жыйынга президент Курманбек Бакиевди катышат деп алдын ала катуу даярдыктар көрүлгөн. Бирок мамлекет башчы да, премьер-министр да бул салтанатка катышкан жок. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров шаңдуу жыйынга келгендерди куттуктап, подполковник Өмүрбек Мамбетовго Кыргыз Республикасынын ардак грамотасын тапшырды. Коргоо министри Исмаил Исаков Куралдуу күчтөрдүн бир катар офицерлерине, жоокерлерине министриликтин сыйлыктарын тапшырды. Салтанат кыргыз өнөрпоздорунун чоң программадагы концерти менен коштолду.

XS
SM
MD
LG