НАРЫН. Нарын шаарындагы Акималиев атындагы жеңиш паркында Атамекенди коргоочунун күнүнө арналган митинг өткөрүлдү. Ооган согушунда жана Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эстелик тактасына гүлчамбарлар коюлду. Облустук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Турсунбек Султанов Ооганстандан 14, Баткен капсалаңынан 7 жоокер окко учкандыгын билдирсе, губернатордун биринчи орунбасары Исабек Абдыгазиев Улуу Ата мекендик согушка аттанган 19 миң 174 тоолуктардын 7 миң 129 кайтпагандыгын белгиледи. Ал эми облус губернатору, Нарын шаарынын мэри жана Нарын районунун акими бул митингге катышышкан жок.(KU)