Кечээ Ооганстанда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Хамид Карзай жана Тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта менен жолугушту. Кабулда Лавров Орусиянын элчилигинин имаратынын ачылышына катышты. 1989-жылы Ооганстандан советтик жоокерлер чыгарылгандан кийин элчиликтин имараты талкаланган эле. 2002-жылы имаратты калыбына келтирүү иштери башталган.