Оппозициялык жаңы кыймылдын кеңсеси 26-февралдан тарта ишке кирмекчи. Буга чейин кыймылдын иши “Арнамыс”, “Атамекен” партияларынын штабдарында, “Агым” гезитинин редакциясында жүрүп жаткан. “Арнамыс” партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, келерки жумадан тарта кыймыл ишин өз кеңсесинде жүргүзө баштайт. Кеңсенин так дареги азырынча тактала элек.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талаптары менен чыккан.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талаптары менен чыккан.