Басса-турса да “жакшы ырым менин жан сырым, жакшы ырым менин тагдырым” – деп бактысын бир дүйнөсүнөн издеген, турмуштун ачуусун бешиктен бели чыккандан тарткан жаш обончу, ырчыны эстейм. Ал жайдыр-кыштыр ак элечек оронгон Теңиртоонун койнундагы Акталаанын Жаңытилек айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы наристе төрөлгөндө ырым кылып, “эр тайын тартат” деген ак тилек менен таякеси ырчы, обончу Калмурат Нурдөөлөтовдун ысымын коёт. Тилекке каршы “шум жалган, шум жалгандан ким калган” болуп, атадан эрте айрылат. Ошентип ал балалыктын балдай таттуу күндөрүн желкеден баскан жетимчилик, жетишпеген турмуш менен өткөрөт. Калмурат эс тарткандан “акылдын падышасы да, акылдын казынасы да ыр” деп, ырдоонун, обон чыгаруунун артынан сая түшөт. Айрыкча, ал ордо калаага келип, маданий чөйрөгө аралаша Кыргыз улуттук университетинде окуй баштаган күндөн биринен сала обондон обонду чыгарат. Ал кесиптештеринен үнү, комузду өзгөчө ыкмада, бөтөнчө стилде черте билүүсү менен гана эмес, тек гана өзүнө таандык кайталангыс аваздык ыргактарынын молдугу, көп түстүүлүгү менен айырмаланат. Өзгөчө ал обондорун комуздун коштоосунда уккандардын жан дүйнөлөрүн дүрбөлөңгө салгандай бөтөнчө ыкмада, өзгөчө штрихтерде черткен. Автордун кайсы гана мейли махабатка, мейли элге, жерге арналган ырларын укпайлы муңайынкы маанайдагы кусалыкты, өксүгөн өкүнүчтөрдөгү аваздык ыргактарды угабыз.
- Рыспай мырза, Калмурат менен 1992-жылдан көзү өткөнгө чейин тааныш экенсиң. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүндө бирге окупсуң. Ал турсун бир сындырым нанды бөлө жешип, университеттин жатаканасынын бир бөлмөсүндө да бирге жашапсың. Маркум Калмурат студенттик күндөрдү кандай тагдырда жашап өткөрдү эле?
- Бечара маркум досубуз Калмураттын студенттик күндөрдөгү жашоо тагдыры өтө татаал болду. Атасы жок жетим өскөн бала экен. Кийин апасынан айрылып томолой жетим болуп калды. Анын үстүнө биз онунчу классты бүтүп келген мезгилде кубаттуу делген союзубуз урап, мамлекетибиз башы-көзүн таппай баш көргөндү көз көрбөй турган учурга туш келдик. Ошондуктан Калмурат турмуштун запкысын тартып, кордугун көп көрдү. Мен билгенден Калмурат турмуштун ачуусун, жокчулуктун шорун аябай тартты. Аягында ошондой кордук запкыга чыдабай кетти окшойт, окуусун таштады. Өзүңүз билгендей чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү өтө назик болот, таарынчак келет. Кептин ачыгын айтсам, Калмурат турмуштун таттуусунан да ачуусун көп татып, көп өткөрдү. Калмураттын чыгармачылыгына түшүнгөн жетекчилерге кез келбей кайран досубуз бул жашоодон көзү ачык кете берди.
- Рыспай мырза, жогоруда өзүң айткандай тагдыр деген өтө татаал экен. Калмурат кайсы жылдан баштап обон чыгара баштады эле?
- Досумдун обончулугу кайсы күнү ойгонгон билбейм. Бирок сүйүү деген мени акын кылып ойготтуу деген ырлар бар эмеспи. Ошол сыяктуу Калмурат сүйүүнүн запкысын, кордугун да көп көрүп калды эле. Ошондон улам обончулугу башталып кетти эле. Менин эсимде 1993-жылы Калмурат биринчи обонун чыгарды. Ал акын Сооронбай Жусуевдин
Бейкапар жүргөн кезимде,
Бейпайды салдың сезимге,
Ак жумаал жүзүң албырып,
Ар дайым акыл эсимде, - деген саптардагы “Кыялды кантип тыямын” аттуу ыры эле. Калмураттын обондору да өзүнүн тагдырындай болуп өтө татаал, муңдуу эле. Турмуштун запкысы ар бир обонунда көрүнүп турчу. Биринчи укканда бир бөлмөдө жаткан курсташтары кабыл алчу эмеспиз. Эмне үчүн дегенде маркумдун обондорун адеп укканда ыйынып, ычкынып ырдап жаткандай элес калтырчу. Качан гана обондун өзөгүнө сүңгүп киргенден киийн кулагыбызга жат болуп киргенде обон өзү чакырып кайра-кайра уккубуз келүүчү. Анан өзү да айтып калар эле “бир жолу укканда эле жагып калган ыр ыр эмес. Ал жөн эле күнүмдүк турмуштун, оокаттын, тиричиликтин обондору” деп. Калмураттын обондорунун ичинен акын С.Жусуевдин сөзүнө жазган “Көктөм эле” аттуу ыры угуучулардын арасына кеңири тарап кетти. Бул обонду 1995-жылы чыгарган эле. Калмурат экөөбүз жатаканада бир бөлмөдө жатчу элек. Бир күнү “Көктөм эле” аттуу ырын комуздун коштоосуз жөн эле ырдап калды. Эмнегедир бул обону бир укканда баштагы обондорунан таптакыр башкача. Анан Калмураттан – “ой, бул обонуң кайсы обон деп сурасам” ал: - “жаңы обон чыгарып атам” – деди. Калмураттын бул обону ырдап чыккан күндөн жумурай журтка тарап кетти. Бирок чынын айтайын бул обонун Калмурат жактырчу эмес. Эмне үчүн деп сурасам: “ой көпчүлүк үчүн жөн эле чыгарып койдум. Чыныгы элдик обон мындай болбош керек” деп койчу. Өмүрүнүн акыркы жылдарында акын Акбар Рыскуловдун сөзүнө “Болоюн сенин Боогачың” аттуу обонду чыгарганда Калмурат эми турмушка, жашоонун тартибине көнүш керек болуп атат. Эл жактырган, элге тез сиңе турган обондорду чыгарыш керек болуп атат. Ошон үчүн жараттым деп калчу. Эмнегедир ал аталган обондорун чыныгы жан дүйнөсү, өзүнүн тагдырын ээрчиген обондорундай кабыл алчу эмес.
- Рыспай мырза, маркум Калмурат комузда залкар шайырлардын күүлөрүн чертчү беле?
- Калмураттын комузду черткени мен көргөн, билген башка обончулардан өзгөчө эле. Комузда анын өзүнчө стили, ыкмасы бар эле. Көрүнүктүү обончу, ырчы Р.Абдыкадыровдун ырларын комуздун коштоосунда ырдачу. Бирок, залкар комузчулардын күүлөрүн баш оту менен кирип үйрөнүп черткен жок. Ошондой болсо да айрым шайырлардын күүлөрүн үзүл-кесил чертчү. Бир сөз менен айтканда күүчүлүккө көңүл бөлбөстөн, негизги чыгармачылыгы, обончулуктун үстүндө тынбай эмгектенди, - дейт белгилүү жаш манасчы Рыспай Исаков.