Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

14:59 Кочкордун акими кытайлык ишкерлер менен кирпич заводдорун курууну сүйлөшүүдө


Ушул сааттарда Кочкор районунун акими Курманбек Байтереков кытайлык жеке ишкерлердин жардамы менен Кочкор районунда кирпич чыгарган үч завод салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Курманбек Байтереков “Азаттыкка” билдиргендей, мамлекет бөлүп берген каражат жетишсиз болгондуктан элдин үй салууга чамасы жок, кирпич болсо кымбат. Кытайлык ишкерлер менен сүйлөшүүдө белгилүү болгондой, 300 000 долларлык бул долбоордун 30 пайызы каржыланса, алар завод курууну башташмакчы. Курманбек Байтереков бул долбоорду өкмөттүн кароосуна 26-февраль күнү сунуштаары күтүлүүдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG