Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


БИШКЕК. Метеорология борборунан маалымдашкандай, 26-27-февраль күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: жамгыр жаап, карга айланат. 27-28- февралда Чүй, Талас облустарынын өрөөндүү жерлеринде абанын түнкү температурасы -10...-15 градуска чейин төмөндөйт. Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшү унаа жана байланыш түйүндөрүнө өз залакасын тийгизиши мүмкүн.

26-февралда Кыргызстанда жамгыр жаап, карга айланат. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз -1...+4 градус.
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +3...+8 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз +1...+6 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +1...+6 градус болот.
Бишкекте кар аралаш жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз +1...+3 градус.

XS
SM
MD
LG