ИСЛАМАБАД. Бүгүн Пакистандын баш калаасы Исламабадда жети мусулман өлкөнүн тышкы иштер министрлери жолугушууда. Талкуулардын борборунда Жакынкы Чыгыштагы абал болот. Кечээ Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган сунни мусулман өлкөлөрү бул жолугушуу менен шии мусулмандарына каршы альянс түзүүнү көздөбөгөнүн билдирди. Жолугушууга Мисирдин, Индонезиянын, Малайзиянын, Иорданиянын, Пакистандын, Сауд Арабия жана Түркиянын өкүлдөрү катышууда.