Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

17:50 "Ата Мекен" партиясынын Жалалабаттагы мүчөлөрү Бириккен фронтко өтүп жатышат


Партиянын облустагы айрым мүчөлөрү "Келечеги кең Кыргызстан үчүн!" Бириккен фронттун катарына өз каалоолору менен өтүп жатышат. Алар "Ф.Кулов өкмөт башчы болбой калгандан кийин Бакиев-Кулов тандеми бузулду, демек, тандемге ылайык президент да кызматтан кетиши керек деп эсептешет. Ата мекенчилер ноябрда кабыл алынган Конституциянын декабрда кайра жаныртылып абыл алынганына, анда президенттин укуктары кеңейтилгенине нааразы.
Казыналык кызматкерлер мындай нааразылыктарын партиянын аймактык бөлүмүнө жашыруун келип айтышкан. Бул жөнүндө 27-февралда партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев менен Жалалабат-Сузак аймактык бөлүмүнүн төрагасы Ильич Нарматов билдирди. Алардын айтымында,"Ата мекен" партиясы Бириккен фронттун Конституциялык реформаны толук жүргүзүү, коррупцияны жоюу, социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү талаптарын колдойт. Облустагы бийлик өкүлдөрү өз кезегинде өткөн шайлоодо эл тандем үчүн эмес, К.Бакиев үчүн добуш беришкенин айтышууда. (YA)

XS
SM
MD
LG