Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

18:15 Жалалабатта социалдык кызматкерлер жөлөкпул бериш үчүн 100 сомдон пара сурашат


Жалалабат облустук бийлигинде социалдык маселелер талкууланды. Анда облус борборунда жумушчу орундар аз түзүлүп, жакыр үй-бүлөлөргө бөлүнгөн 97 жетекчи өткөн жылдын соңку айларында жакырларга жардам бербей жаткандыгы тууралуу фактылар айтылды. Жумушсуздар үчүн микрокредиттер азайып, кредиттик союздар жетиштүү санда уюштурулбаган. Ноокен районунда жумушсуздардын саны көбөйүп, Базаркоргон райондук социалдык жактан коргоо бөлүмүндө кадр жана коррупция маселеси өтө курч. Былтыр энелер балдар үчүн жөлөкпул алуу үчүн бөлүмдүн кызматкерлери 100 сомдон акча талап кылышаарын жергиликтүү бийликке билдиришкен. Райондун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу почта түйүнүнөн 628 миң сомдук жетишпестик чыгып, ал ишке финансы полициясы кылмыш иш козгогондуктан почта башчы азыр дайнын таптырбай жүрөт. Бөлүмдүн жаңы төрагасы беш киши кызматтан бошотулганын, ал эми жумушка жайгаштыруу боюнча Жалалабат шаар бөлүмүнүн башчысы жыйында айтылган маалыматтарга кошулбай турганын билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG