Элчи мырза Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев менен болгон жолугушууда Орусия өлкөсү жакынкы убакта Кыргызстанга, анын ичинен өлкөнүн Түштүк аймагына ири инвестициялык долбоорлорун сунуш кыла тургандыгын жарыялап, жаңы жаратылыш кендерин өздөштүрүүдө, гидроэлектро станцияларын курууда жана биргелешкен өндүрүштүк ишканаларды түзүүгө Орусия тарап кызыкдар экендигин билдирди. Жантөрө Сатыбалдиев учурда жергиликтүү кесиптик техникалык окуу жайларында сантехник, механик, фермер, ширетүүчү жана башка кесиптер боюнча Орусиянын шаарларында иштөө үчүн квалификациялуу жумушчуларды даярдоо башталгандыгын айтты. (KJ)