Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

«БИР ДҮЙНӨДӨ» - КАЙГЫЛУУ ЧЕЧЕНДЕР, СОЙКУ КЫЗДАР, ТАГДЫРЫ ТАТААЛ КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ…


28-февраль күнү Прагада 9-жыл удаасы менен өткөрүлүп келаткан “Бир дүйнө” кинофестивалы ачылды. Индиядан Беларуска, Кыргызстандан Бразилияга чейинки кеңири аймактарда тартылган документалдык тасмалар карапайым элдин кадимки турмушун чагылдырат.

Фестивалдын алкагында Даниялык режиссер Суви Хелминендин кыргыз аялдарынын тагдырына четтен көз чаптырган “Сүйүү жана сынган айнек” аттуу тасмасы да көргөзүлөт. Анда кыргыз кыздары тал чыбыктай буралган кезинде сүйүү чабытында далай кыялданганы менен, каалабаган кишиге турмушка чыгып, өмүр бою жарым кулчулукта жашоо өткөрүшү мүмкүн деген кайгылуу ой камтылат.

- 15 жыл мурда мындай болоору 3 уктасак түшкө кирбейт эле. Руслан, Рамзан жана мен. Үчөөбүз бир кишидей элек.

Бул – 1990-жылдардын башында Чеченстандын борбору Грозныйда тартылган тасмадан үзүндү. Ал кезде 3 дос, Руслан, Рамзан жана Ислам машине айдап алып шапар тээп, Грозныйдын көчөлөрүн кыдырып, музыка укканга куштар эле. Бир нече ай өтүп-өтпөй алгачкы чечен согушу тутанды. 3 достун бири Руслан орус аскерлери тарабынан камакка алынып, кийин өлүмгө кесилип жок болду. Рамзан жашаган үйгө учактан ташталган бомба тийип, ал жакындары менен кошо мерт болду. 3 достун бирөө гана Ислам Баширов Чеченстандан башка өлкөгө кетип, аман калды. “Бир дүйнө” фестивалында көрсөтүлө турган “3 дос” аттуу тасма бул 3 өспүрүмдүн башынан өткөнү аркылуу Чеченстандагы согуштун азабынан тагдыры талкаланган миңдеген кишилер жашоосун баяндайт.

Бир аптага созула турган документалдык тасмалар фестивалы Чехиянын борборунда 1999-жылдан бери уюшулуп келатат. Былтыркы фестивалда маселен, Кытайдагы фабрикада европалыктар үчүн джинсы шым тигип, күнүнө 14-16 саат бою көз ирмебей эмгектенген өспүрүм кыздардын жашоосу, Казакстандан тарыхый мекенин издеп Словакияга көчүп кеткен Михаилдин арманга толгон ички дүйнөсү, ырчылык кайталангыс таланты бар цыган кыздын чоң сахнага чыга албай кыйналганы миңдеген көрөрмандарды кайдыгер калтырбай, соңунда фестивалдын жеңүүчүсү аталды.

Фестивалдын директору Игорь Блазевич Чехиядагы эл аралык маанилүү иш-чарага айланган “Бир дүйнө жумалыгы” тууралуу буларды айтат.

- Фестивалдын максаты – эл аралык аренада кандай окуялар болуп атканын чагылдырып, дүйнөнүн татаал, чынчыл элесин жаратуу, ушу тапта адамзат алдында кандай көйгөйлөр бар экенин ачып көрсөтүү. Дүйнөнүн ар башка тарабында тартылган документалдык тасмаларды көргөн элди күн сайын телерадиодо угуп-көргөн жаңылыктар тууралуу дагы бир жолу ойлонтуп, аларда айтылбаган көрүнүштөрдөн кабардар кылуу. “Бир дүйнө” аркылуу биз жарандардын активдүүлүгүн жогорулаткыбыз келет.

Быйылкы фестивалдын каармандары - армян-азербайжан согушу жүрөгүндө терең так калтырган журналист, жаштайында зордукталып, тагдыры бузулган африкалык секелек кыздар, АКШнын Гуантанамодогу абагында отурган туткундар, Голландияга сойкулукка сатылган орус кыз, Чернобыл алааматында жакындары ден соолугунан ажыраган Татьяна жана башкалар болмокчу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG