Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

7:15 Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрдү түшүрүү иштери жүрүүдө


Атайын адистер коргоо министрлигинин жоокерлери менен бирге кар көчкүлөрдү замбирек менен атып көчүрүү иштерин кечээ баштаган. Чукул кырдаалдар министрлигинен кабарлашканга караганда, жол кар көчкүлөр түшүрүлгөндөн кийин гана ачылат. Аталган жол 26-февралда өкмөт токтому менен эки күнгө жабылган. Бирок чукул кырдаалдар министринин орун басары Бакир Жолчуев кар көчкү коркунучун четтетүү иштерине байланыштуу жолду жабуу дагы узартылганын, ал 3-4 күнгө созулушу ыктымалдыгын кечээ «Азаттыкка» билдирди. Учурда МАИ кызматкерлери айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG