Долбоорду ЕККУнун Оштогу бюросу жактырган. Аны эл аралык “Актед” уюму эки облустагы алты өнөктөшү менен ишке ашырат. Долбоорго ылайык өтө проблемалуу деп эсептелген 16 кыштакта эл менен чек арачылардын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда улуттар аралык жана чек ара чатактарын болтурбоонун жол-жоболору талкууланат. Нооруз жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Долбоордун “тушоосу” 1-мартта Жалалабатта кесилди. Ага чогулгандар мамлекеттик чек аралар толук такталбагандыктан бир жыл мурда кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларында курал атылган чыр-чатактар болгонун, түрдүү мыйзамсыздыктардан өзгөчө карапайым жарандар жабыр тартышаарын белгилешти. Чек ара айылдарындагы таасирлүү адамдардын сүйлөшүүсү аркылуу Аксы районунда жаңжалдар тыйылганын мисал кылышты. (YA)