Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

ЧЕК АРА ЧАТАКТАРЫН БОЛТУРБОО ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?


1-мартта ЕККУнун колдоосу менен “Жалалабат жана Баткен облустарындагы чек ара жаңжалдарын четтетүү” аттуу долбоордун тушоосу кесилди. Ага Жалалабат облусунан катышкан коомчулуктун өкүлдөрү чек ара толук такталып бүтпөгөндүктөн буга дейре кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларында калабалуу окуялар болуп келгенин, адам укугу бузулаарын, учурда Кыргызстан менен Өзбекстанга визасыз 60 күн бою каттоо иш-чарасы баштала электигин белгилешти. Облбийликтин маалыматы боюнча визасыз катнаш 1-апрелден күчүнө кирүүсү ыктымал.

Кыргызстан менен Өзбекстанда коңшу өлкөлөрдүн жарандары 60 күн визасыз жүрүү келишими расмий түрдө бекемделгени менен облус тургундары Өзбекстанга өтөөрдө кыйналууда. Келишим күчүнө кирбегендиктен облустун Кочкората шаарынын тургуну Гүлайым Алимбекова өзбекстандык бейөкмөт уюмдары менен жолугушуу үчүн чек арадан өтө алган эмес:

- Документ сурабай эле "өтпөйсүңөр, артка кайткыла" деди. Артка кайттык.

Буга дейре Аксы районунда чек ара кырсыктары такай болуп келген. Чек аралар аныкталбагандыктан өзбекстандык малчылар бодо мал, кой-эчкилерин райондун аймагында уруксатсыз багышчу. Аксыдагы бейөкмөт уюмдун деректири Нуркул Стамовдун айтымында чек арачылар эскертүү үчүн аткан октон былтыр өзбекстандык жаран жараат алган.”Коңшу кыргыз-өзбек айылдарындагы таасирлүү айыл аксакалдарынын жолугушуусу аркылуу чек ара жаңжалдары тыйылып калды. Бирок, жайыт менен суунун айынан жаңжал кайра чыгышы ыктымал.

- Ушул жайыттар менен сугат суулары Өзбекстан менен Кыргызстандын чегарасында өтө чоң чыр-чатакты алып келет. Мунун алдын алыш керек.

Өзбек тарабы “Сталин арык” аттуу каналдын суу чыпкалоо жабдууларын жаап койгондуктан Ноокен районундагы Чоңбагыш айлынан 150 үйгө жер алдынан суу чыгат. Анын айынан айыл тургуну Рахматжан Молдожанов жугуштуу оорулар көбөйгөнүн айтты:

- 150гө жакын үйдүн абалы абдан начар. Жер алдынан суулардын деңгээли көтөрүлгөндүктүн негизинде үйлөрдүн фундаменттери бузулуп, полдору чирип, оору көбөйүп атат.

Облбийликтен алынган маалыматка караганда визасыз катнаш 1-апрелден күчүнө кирмекчи. Өзбекстан менен чектешкен облустун 7 районунда такталбаган чек ара тилкелери арбын. Чек ара толук аныкталбагандыктан жана чек ара аймактарындагы жарандар кош паспорттуу болушкандыктан ал жерлерде уурулук күчөп, жер аянттары мыйзамсыз иштетилерин губернатордун орунбасары Жаныш Курбанов айтты:

- Негизинен бизде 763 км. жерде маселе чечилбей келип атат. Чегара маселесинин чечилбешинин негизинде көп чыр-чатактар, келишпестиктер келип чыгып атат. Облуста урунттуу маселелердин бири кош паспортуулук болуп эсептелет. Бул уурулукка шарт түзүп жатат.

Жыйында Өзбекстандан күйүүчү май, техникалардын тетиктерин алып өтөрдө чек ара тартибин билбеген жарандар жабыркашаарын, анын арты кээде чыр чатакка айланып кетерин мисал кылынды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG