Бул тууралуу БУУнун Маң заттарды көзөмөлдөө агенттиги билдирди. Агенттиктин маалыматына ылайык апийимди өстүрүү өткөн жылы 59 пайызга өскөн. Бул болсо уюшкан кылмыштуулуктун, коррупциянын жана маң заттардын аткезчилигинин гүлдөшүнө алып келүүдө деп айтылат билдирүүдө.