Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 03:09

12:05 Жапониянын Киота компьютердик колледжи Кыргызстанга 50 компьютер берди


Компьютерлер элет жериндеги мектептерге берилет. Биринчи кезекте зилзаладан жабыр тарткан Нарын жана Баткен аймактарына жөнөтүлмөкчү. Бул иш-чара Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Аскар Кутанов менен Киота компьютердик колледжинин ректору Хасегава Ясуко айым менен болгон макулдашуунун алкагында жүрүп жатат. Болочокто Жапониядагы кыргыз элчилиги аталган өлкөнүн кайрымдуулук уюмдары менен кызматташып, айыл жерине компьютер жөнөтүү иштерин улантмакчы.(EBM)

XS
SM
MD
LG