Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 05:14

12:40 Расмий өкүлдөр өздөрүн өрттөмөкчү болгон Кочкорлук үй-бүлөнүн талаптары туура экендигин ырасташты


Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды жоюу агенттиги Кочкор районунун Семизбел айылынан келген Темирбек Эсеналиев менен анын жубайы Дүйшөбүбү Бектурованын айткандарынын тууралыгын ырастап, ушул кезге чейин алар турган үй бул үй-бүлөнүн менчиги экендигин билдиришти. Агенттиктин карыздарды жоюу боюнча адиси Каныкей Собурованын айтымында, бул үй-бүлө турган мурунку бала бакчасы агенттиктин карамагында турган. Аны былтыр ачык аукциондун негизинде аты аталган үй-бүлө 53 миң сомго сатып алган. Учурда аларды жергиликтүү аткаруу бийликтери үйлөрүнөн күчтөп чыгарып салгандыктан, нааразы болгон үй-бүлө маселе чечилбесе өздөрүн өрттөмөкчү болушууда. (JTo)

XS
SM
MD
LG