Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Мамбетжунус Абылов экc-премьер-министр Ф. Куловдун президенттик шайлоону эрте өткөрүү жөнүндө билдирүүсүнө тынчсызданып үн катты. Ал Интернет аркылуу таркаткан билдирүүсүндө президенттик шайлоону эрте өткөрүү Бакиев бийликтен кеткенде гана болушу мүмкүн, ал эми Бакиев жөн эле бийликти берип койбойт деп белгилеген. Анын баамында, Бакиевге иштегенге түндүктүн эли мүмкүнчүлүк бербей жатат деген пикир түштүктүн элинде кеңири жайылган. Демек, эрте шайлоо өткөрүү элдин түндүк-түштүк болуп бөлүнүп-жарылышын күчөтөт. Экинчиден, Куловдун айланасында Текебаевди эске албаганда түштүктүн чыгаан саясатчылары жок. Ошону менен катар, М. Абыловдун оюнча, Бишкектин калкы түштүктөн келгендер каптап кирип жатканына кыжаалат болуп турган чак. Эң жаман жери, кыжаалат кыжырдануулар бийликке эмес, колунда жок, коргоочусу жок карапайым адамдарга каршы багытталып жатат. Эгер кырдаалды колго албаса, бул жүрүп отуруп түндүк-түштүк калкынын кагылышып кан төгүүсүнө алпарышы ыктымал, анда мамлекеттин келечеги коркунучта калышы мүмкүн. (KCh)
13:42 Мамбетжунус Абылов: Бакиевди бийликтен кулатуу аракеттери элдин түндүк-түштүк болуп бөлүнүп-жарылышын күчөтөт