Косово маселеси боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Мартти Ахтисаари кечээ күнү билдиргенге караганда, Косовонун чектелүү эгемендүүлүгү тууралуу Бириккен Улуттардын планына Сербия макул боло элек. Маселе боюнча акыркы сүйлөшүү Вена шаарында 10-мартта өткөрүлөт, айдын аягына чейин болсо Ахтисаари ал планды Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине тапшырууга тийиш.