Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Кавказда америкалык антиракеталык система орнотуу маселеси жөнүндө пикирлер ар башка


Азербайжан менен Грузиянын айтымында, өз аймагында америкалык антиракеталык система орнотуу боюнча алар Вашингтон менен сүйлөшүү жүргүзгөн жок. "Азербайжанга андай сунуш менен эч ким кайрылган эмес жана эч кандай сүйлөшүү өткөрүлгөн жок", - дейт Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хазар Ибрагим. Окшош билдирүү менен Грузиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нато Чиковани дагы кечээ күнү чыкты. АКШнын аба күчтөрүнүн генералы Генри Оберинг 1-мартта - Кавказда антиракеталык радар орнотулат деп билдирген. Ал эми Грузия парламентинин коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары Николос Руруанын айтымында, Грузиянын аймагында андай радар орнотулса жакшы болмок.

XS
SM
MD
LG