Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

КЫРГЫЗСТАНДА УРУКСАТСЫЗ ЖҮРГӨН ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИН ТАК САНЫН БИЛГЕН КИШИ ЖОК


Чет элдик соодагерлерден өткөн жылы Кыргызстандын бюджетине 10 миллион сом акча түшкөн. Такталбаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда кеминде 8 миңден ашуун чет элдик жарандар мыйзамсыз жүрүшөт. Ушул жылдын 12-январында өкмөт токтом кабыл алып, базарларда иштеген чет элдик жарандарды 1-апрелге чейин өлкөдөн чыгарып ийүүнү чечкен. 3-мартта өкмөт токтомду ишке ашырууну эмдиги жылдын 1-январына чейин токтотуу чечимин кабыл алды.

Өткөн жылы жалгыз Кытайдан Кыргызстанга ташылып келген товарлардын баасы 2 миллиард ашуун долларга чыкты. Анын кыйласы коңшу өлкөлөргө, Орусияга жөнөтүлөт. Орто жолдон Кыргызстандын казынасына оголе көп акча түшүүсү керек эле, бирок да азырынча оңор эмес акчанын кыйласы коррупциячылардын кулкунуна куюлуп кетүүдө.

Чет элдиктердин базарларда соода кылышына тыюу салуу жөнүндөгү токтомдун экономикалык салакасы кандай болорун өкмөт эми ойлонууда. Аны премьер-министр Азим Исабеков момундайча баяндады.

- Бажы комитетинин жетекчиси менен сүйлөшсөм ушу токтом чыккандан кийин төлөмдөр азая баштаганын айтты. Негизи бул документ толугу менен жакшы каралган жок.

Антип жыл башында кабыл алынган токтомду ишке ашырууну жазга жеткирбей токтотуп коюуга чет элдик соодагерлердин кайрылуусу, анан да айрым элчиликтердин өтүнүчү себеп болгонун Миграция жана эмгекке жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова жашырган жок.

- Токтом кабыл алынгандан кийин базарларда соода кылган чет элдиктер, парламент депутаттары, ошондой эле айрым өлкөлөрдүн элчиликтеринен кайрылышты.

Өткөн жылдын 31-октябрында өкмөт чет элдик соодагерлердин уруксат кагазын алуу акысын көтөргөн. Ага ылайык базарда соода кылып отурган чет элдиктер жылына 20 миң сомдон төлөйт. Буга чейин уруксат акы 600 сомдон болчу. Ошентип 2007-жылга 4 миңден ашуун чет элдик соодагерлер уруксат кагазы үчүн казынага 80 миллион сом төгүшкө милдеттүү. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокуловдун ырасташынча, чет элдик соодагерлерден казынага көп деле акча түшпөйт. Андыктан алардын патент акысын дагы көбөйтүү керек.

Бишкектин «Мадина» базарында иштеген Кытайдын жараны Ажым болсо чет элдиктердин Кыргызстанда иштөөсүнөн өлкө пайдадан башка зыян көрбөйт дейт. Бирок ал патент акысын дагы көтөрүү туура эмес деген пикирде.

- Патентке 2025 сом төлөйбүз. Аны кымбаттаткан болбойт. Биз 1-2 цент пайдага гана сатабыз. Жол киреси оор. 8 миң чакырым жол басып бул жакка келет. Бажыга тапшырабыз, ага беребиз, буга беребиз.

Адилет министри Марат Кайыпов улуттук ишкерлердин таламын коргогон өкмөт токтому туура эле кабыл алынганын айтып, аны саясий кызыкчылыктан улам гана токтотуп жатышканына каршы экенин билдирди.

- Бул токтом керек. Бирок, менимче, ага кошумча киргизиш зарыл. Ал кандай кошумча. Эгер мамлекеттик орган чакырган чет элдик болсо, ал макул келсин. А бирок, жумушкабы же окууга келеби, болбосо бирөө менен көрүшкөнү келеби, тууганы менен көрүшүп алып анан кетем деп келеби – мына ушуга окшогон башка шылтоо менен келген жарандардын баары кайтып кетүүгө жетерлик акчасы менен кошо келсин.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча жалгыз Бишкекте эле 10 миң кытайлык жарандар соода кылат.

- Жыл сайын Кыргызстанда 8 миңдей киши калары маалымдалууда. Болжол менен жылына 100 миң киши бизге келет. Анын 92 миңи кайтып кетишет. 8 миң киши калып калууда. Расмий маалымат боюнча алардын 4 миңи гана кытайлык жарандар. Калганы башка өлкөлөрдөн. Демек, 8 миң киши Кыргызстан аймагында мыйзамсыз жүрүшөт. Биз болсо ким эмне жасаганын биле албай отурабыз,- дейт А.Жапаров.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Сабырбек Молдокуловдун эсеби боюнча мыйзамсыз жүргөндөрдүн саны 12 миң кишиге жетет. «Оболу мыйзамсыз жүргөндөрдү тартипке салуу зарыл», деп белгиледи жаңы министр.

Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев жалаң тыюу салуу менен татаал маселени чечиш мүмкүн эместигин айтты. Проблема экономикалык чаралар менен жөндөлөт, аны өкмөт мүчөлөрүнөн куралган комиссия аныкташы абзел.

Аз-аздан жандана баштаган кыргыз экономикасынын ыкчам өнүгүшү үчүн өнөр жайды алдыга жылдыруу зарыл. Бирок да өнөр жай өндүрүшү иш көзүн мыкты билген жумушчуларга муктаж болууда.

XS
SM
MD
LG