Депутат Азимбек Бекназаров бүгүн парламенте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү азыркы саясий экономикалык кырдаалды оор деп мүнөздөдү. Депутаттар айтып ыйлаган проблема көп: «Кристалл» заводу, көл жээгиндеги жерлер сатылып атат, бир атуул парламент үйүнүн алдында өрттөнүп өлдү, парламент сатылып атат ж.б. Ошондуктан, А.Бекназаров депутаттарды жабык эшиктин артында жыйын өткөрүп, сүйлөшүп, биримдикти көргөзүп, оппозицияны да, пропозицияны да ордуна коюуга чакырды. (KCh)
10:31 Азимбек Бекназаров депутаттарды жабык эшиктин артында позицияларды такташып алууга чакырды