Депутат Болот Шерниязовдун маалыматына караганда, акаевдердин Бишкек шаарындагы эки кеңсеси сатылып кетти жана бул азыркы бийликтин коз жаздымында калды. Депутат Осмон Артыкбаевдин көз карашында, мындай шартта энергетика тармактарына да «кол салуу» башталышы мүмкүн. Депутаттар Б. Шерниязов, О. Артыкбаев жана А. Бурканов азыркы бийлик мамлекеттик мүлккө көзөмөл жасабай, коррупцияга жол берип жатканын белгилешти. Мындай пикирлер «Кристалл» ишканасын сатуу фактысына байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында айтылды. Аталган депутаттар ишкананы соодалоо жараянына катышып, бирок, анын сатылышына тоскоолдук кылууга кудуреттери жетпей калганын парламенттин түшкө чейинки сессиясында кабарлашкан. Түштөн кийин ишкана жетекчилиги ишкананы соодалоо жараяны жыйынтыксыз аяктаганын жарыялаган билдирүү таратты. (BuS)