Мындай билдирүүнү БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын жетекчиси Антониу Гутиерреш жасады. Анын айтымында Иракта ай сайын элүү миң адам үйүн таштап кетүүгө мажбур жана эгерде мындай көрүнүш кайталана берсе, ушул жылдын аягына чейин качкындардын саны эки миллион үч жүз миңге жетет. Бул болсо калктын сегизден бир бөлүгүн түзөт. Дагы эки миллион Ирактын тургуну башка өлкөлөрдө баш паанек издеп жүрөт деп кошумчалады Гутиерреш.
Токтобогон кагылышуулардан улам Ирактын ар бир сегизинчи тургуну башка өлкөдөн баш паанек издөөгө мажбур