Вице-премьер министр Данияр Үсөновдун депутаттарга билдиргенине караганда, бул сүйлөшүүнүн негизинде «Кумтөр жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламентке сунушталат. Бул долбоор Кумтөр кенине байланышкан талаштуу маселелерди жөнгө салуу максатын көздөйт. Аталган эки ишкана жетекчилери менен Данияр Үсөнов баштаган өкмөттүк топ буга чейин эки ирет жолугушуп, сүйлөшкөн. (BuS)