КАБУЛ. Ооганстандын президенти Хамид Карзай Джалалабадда болгон ок атууну сынга алды. Аталган шаарда АКШнын аскерлери жан кечти террорчунун жардыруусунан кийин кишилерге ок ачып, анын натыйжасында 10 адам курман болгон. Ачууларган шаар тургундары АКШ аскерлерине нааразылык көрсөтүштү. Президент Карзай окуяны иликтеп чыгууга буйрук берди. Ал эми Капиза провинциясынын жетекчилиги өткөн түнү НАТО аскерлеринин бомбалооосунан бери дегенде 9 бейкүнөө адам курман болгонун билдирди.