БЭЭЖИН. Сессияда сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын өкмөт башчысы Вен Жибао туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга чакырды. Вендин айтымында энергияны эффективдүү пайдалануу жана айлана чөйрөнү коргоо Кытайдын экономикалык стратегиясынын бир бөлүгү болууга тийиш. Байкоочулар 3000 делегаттан турган Улуттук Конгрессти Кытай Коммунисттик партиясынын кол жоолук органы деп эсептешет.