Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

ТАРТИП КОРГОО ЖАНА СОТ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО ЖЕМИШИН БЕРИП АТАБЫ?


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сот адилеттиги укуктун кызыкчылыгын көздөбөй эле, өлкөдөгү саясий абалга көз каранды болуп калды. Бул тууралуу кечээ Бишкекте тартип коргоо жана сот системасын реформалоо маселелери талкууланган жыйында айтылды. ЕККУ, Фридрих Эберт фонду менен президенттик администрация биргелешип уюштурган бул жыйынга укук коргоо жана сот тармагынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар катышып, эки тармакты реформалоо боюнча иштелип чыккан концепциянын долбоорун талкуулашты.

Тартип коргоо жана сот системасын реформалоо боюнча концепцияны иштеп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, реформа башталганы менен, ал өзүнүн жемишин бербей келатат. Анткени, ушул рефомаларды жүргүзүү милдеттенмелери анын ишке ашышына кызыкдар эмес адамдардын колуна берилип калган:

“Бир дагы министр өзүнүн ордунда отуруп реформа жасай албайт. Буга биздин он беш жылдык тажрыйбабыз күбө болуп берет. Анткени ал министр кандай гана жакшы, прогрессивдүү адам болбосун, колундагы бар укуктарын бузууга барбайт. Мисалы, Казакстанда МАИ тармагы реформаланды. Алар бизчилеп көп сөз кылбай, ар кандай конференцияларды өткөрбой эле реформа жүргүзүп жатышат. Биз реформалар жүрүп жатат деп айтып жатканыбыз менен, чынында эч кандай реформа жүргөн жок”.

Кубатбек Байболовдун айтымында, жергиликтүү сотторду Жогорку Кеңештин элегинен өткөрүү туура эмес. “Анткени, айрым депутаттар буга чейин аларга каршы чечим кабыл алган сотторду атайылап бекитпей коюп жатышат”, дейт депутат.

Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов да сот тармагы бийликтин башка бутактарынан көз каранды болуп калганын айтып, сот системасы көз карандысыздыгын бекемдөөгө муктаж экенини белгиледи.

Жыйынга катышкан президент администрациясынын жеткчисинин орун басары Токон Мамытов сот жана тартип коргоо тармактарын туура реформалоо бюджеттеги каражатты үнөмдөөгө өбөлгө болуп бермектигин белгиледи.

Ал эми Адилет министри Марат Кайповдун айтуусунда, өлкөдө кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу менен гана пенитенциардык тутумда реформаны ийгиликтүү жүргүзүү мүмкүн:

“Кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырсак, түрмөдөгү элдин санын азайтат элек. Ар бир колонияны реформа кылганга бизге шарт түзүлмөк. Эгерде атууга өкүм деген жаза жок болуп, анын ордуна өмүр бою жаза өтө турган шарт түзүлсө, анда колонияларды реконструкция кылып, жаңы колния салышыбыз керек. Мына ушуга келгенде Кыргызстандын акчасы жетишсиз болуп атат. Эл аралык уюмдар жардам берсе, Европалык стандарттагы түрмөлөрдү курмакпыз.”

Укуктук “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова өз укуктары үчүн карапайым эл өзү күрөшпөсө, эч бир реформа жемишин бербейт дейт:

“Күн сайын укуктары бузулуп жаткан катардагы жарандар уйкудан ойгонуп, өз укуктары үчүн күрөшүүгө даярдыгын көрсөтмөйүнчө, эч ким эч кандай реформа жүргүзө албайт”.

Жыйын соңунда иштелип чыккан программалар талкууга алынып, сунуштар айтылды.

XS
SM
MD
LG