Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ИРАНДА ОТУЗ АЯЛ КАМАЛДЫ


Иранда отуздан ашуун аял камалды. Алардын баары былтыр жайда нааразылык акцияларын уюштурганы үчүн айыпталып жаткан төрт активист аялга колдоо билдиргени жекшемби күнү Тегеран сотунун алдына чогулган эле. Жергиликтүү айрым байкоочулар бийликтер муну 8-мартта аялдардын демонстрациялары чыгып кетиши ыктымал деп чочулап, атайылап жасашты дешет.

Ирандагы аялдар кыймылынын төрт лидери былтыр июнда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген, мамлекетке каршы пропаганда жүргүзгөн жана уруксат берилбеген жыйындарды уюштурган деп айыпталышууда. Алардын соту жекшемби күнү башталды. Активисттерге колдоо билдиргени сот имараты алдына элүүдөй аял чогулду. Митингге чыккандар өлкөнүн конституциясы тынч мүнөздө демонстрация өткөргөнгө аларга толук укук берерин айтышып,колдоруна ушундай ураандарды кармап турушту.

Окуяга күбө болгон жергиликтүү студент-активисттердин бири билдиргендей, полиция митингге чогулган аялдарды коркутуп-үркүтүп,уруп-сабап да жиберди. Элүүгө чукул аял баарына кайыл болуп,үн катпай отуруп алышты. Эрте шашке ченде аялдар полициясы чакыртылып, активисттер камалды.

Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, активист-аялдардын баары ушу тушта Тегерандын Евин түрмөсүндө жатышат. Полиция алардын ишин териштире баштады.

Былтыр жайдагы демонстрацияда жетимиштей аял кармалып, кийинчерээк бошотулган эле. Аялдар былтыр парламент кабыл алган мыйзамга каршы чыгышкан. Мыйзамдан алар аялдардын ансыз деле айласыз укуктарын чектеп, аларды ого бетер басмырлаган механизмдерди көрүшкөн.

Ирандагы аялдар кыймылынан жакшы маалымдар саясий илимпоз, профессор Азаде Киан жекшемби күнкү окуяны комментариялап, Иранда аялдардын укуктарын басмырлаган мыйзамдарды өзгөртүүнү талап кылгандар улам көбөйүп жатканын, аялдар проблемасы иш жүзүндө саясий маселеге айланып баратканын белгиледи.

Профессордун айтымында, аялдар кыймылы эки багытта активдеше баштады. Биринчиден, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялдарды ташбараңга алып өлтүрүү жазасын жокко чыгарууга, экинчиден, аялдарга бир катар чөйрөлөрдө эркектер менен тең укуктар берилишине жетишүүнү көздөшөт. Бул үчүн аларга калктан бир миллионго чукул кол топтоп, парламентке тапшыруу керек. Иранда аялдар күйөөсү менен ажырашканда, мүлк мурастоодо жана башка иштерде көп укуктардан ажыратылган.

Нобел сыйлыгынын ээси Ширин Эбади жетектеген укук коргоо борбору жекшемби күнкү окуяны мыйзамсыз иш деп айыптады жана камалган аялдарды токтоосуз бошотууну бийликтерден талап кылды.

Ал эми профессор Киан Иранда, өзгөчө азыркы өкмөттүн тушунда адам укуктарына эч кандай урматтоо болбой турганын айтып, жекшемби күнү митингге чогулган аялдар эч кандай тополоң чыгарбаса да, койгон талаптары исламдын эч кандай эрежелерине каршы келбесе да аларды камап салышканы мунун дагы бир далили кылып көрсөттү.

XS
SM
MD
LG