Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

“ТИТАНИКТИН” РЕЖИССЕРУ КАМЕРУН ДИНИЙ ТЕМАГА КАЙРЫЛДЫ


“Ыйса Машаяктын жоголгон көрүстөнү” аттуу жаңы документалдык тасма ушул жумада Америкалык телеканалдарда көрсөтүлө баштайт. Тасманын авторлору Иерусалимде Ыйса машаяк менен анын жакындарынын сөөгү жашырылган көрүстөн табылганын баяндашат. Бир катар христиан динаятчылары бул кабарды эбак эле жалган маалымат деп баалашкан, илимпоз адистер бир беткей баа берүүдөн сактанышат, башкысы жаңы тасмага кызыккандардын саны арбын.

“Титаник”, “Терминатор” өңдүү диндин тарыхынан өтө алыс мазмундагы тасмалардын режиссеру Жеймс Камерун бул темага кандайча кайрылып калганын төмөнкүдөй түшүндүрөт.

- Алар (көрүстөндөр менен иштеген адистер) мага далилдерин келтиришкенде мен чын эле ошондой болушу мүмкүн деген ойго келдим. Мен археолог, же христиан дини боюнча адис эмесмин, бирок дилетанттын көзүнөн алганда баары ишеничтүүдөй көрүндү. Документалдык тасманын режиссеру катары тема мени абдан шыктандырды, менимче, бул кылымдын эң чоң археологиялык ачылышы болушу мүмкүн. Азыр да бул чындык экенине ишенем.

Бул окуя 1980-жылы Иерусалимдин түштүк тарабында байыркы мүрзө табылганда башталган. Биздин замандын 80-жылдарына таандык деп табылган 6 көрүстөнгө Ыйса, Мария, Мария, Жуда, Йозеф, Матфей деген христиандар тарыхына таанымал ысымдар жазылган.

Ошентсе да, жаңы тасманын авторлору Иерусалимде табылган көрүстөндөр Ыйса машаяк менен анын туугандарыныкы деп бир беткей жыйынтык жасабайт. Бирок бул тасманы тартууга катышкан археолог, дин тарыхын изилдеген окумуштуу, сот-медициналык эксперттер алар Ыйса менен анын жакындарыныкы эмес деп айтууга далил аз экенин белгилешет. Бардык дооматтарды таразалап чыгып, эксперттер бул көрүстөндөр алардыкы эмес деп айтууга 600 аргументтин бири гана туура келет деген жыйынтыкка келишкен.

Анткен менен, тасмада айтылгандар чындыкка коошпойт дегендер Ыйса машаяк Назарет шаарында кедей-кембагал үй бүлөдө жашаган, анан ал кантип Иерусалимдеги ак сөөктөр мүрзөсүнө коюлмак эле деген аргументти айтышат. Андан сырткары көрүстөндө жазылган Ыйса, Мария, Жуда, Йозеф деген ысымдар ал кезде эң көп кездешчү киши аттары болгон дешет.

Айтор, эмнеси болсо да, америкалык режиссер Жеймс Камерун кылымдын ачылышы атаган окуяны документалдык тасма кылып тартты. Бул Ыйса Машаяк жана анын тегерегиндеги окуяларга кайрылган алгачкы чыгарма эмес, буга чейин 1989-жылы Мартин Скорсезе – “Ыйсанын акыркы азгырылуусу” аттуу көркөм тасма тартса, андан мурун 1970-жылдардын башында “Ыйса Машаяк – супержылдыз” рок-операсы экрандарга чыккан. Былтыр дагы бир америкалык режиссер Рон Ховард “Да Винчи Коду” тасмасында Ыйсанын жеке турмушуна байланыштуу талаштуу маалыматтар камтылат. Христиан дининин тарыхына арналган чыгармалар адатта Батыштык көрөрмандар арасында чоң кызыгуу менен кабыл алынат, диний чөйрөдө далай талаш-тартыш жаратат. Кантсе да тарыхый чындыкты издөө – режиссерлордун иши эмес да, алардын иши - элди кызыктырган темага кайрылуу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG