Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

КЫРГЫЗСТАНДЫ КАЛПЫЧЫЛАР БАШКАРАБЫ?


«Агым» гезити «Данияр Үсөновдой уят-сыйыты жок калпычы болобу? деген макала басып, анда Кыргызстандын 1-вице-премьер-министринин журт алдында айткандарын бирден санайт. Гезит минтип жазат. Былтыр 14-ноябрь күнү Данияр мырза журналисттерге оозу-мурду кыйшайбай туруп, биз президент үчүн ТУ-154 самолетун 5 миллион сомго Россиянын Самара шаарындагы авиазаводунда оңдоттук деп айтса, ошонун эртеси эле аталган заводдун деректири Варвара Фадеева билдирүү жасап, бул самолет биздин заводдо ремонттон өткөн жок деп маалымат бергенин, дагы бир калпы, ушул самолеттун ремонтуна мамлекет чөнтөгүнөн 5 миллион сом жумшалды деп айтканын, ал эми чын-чынына келгенде бул каражат самолеттун сыртын боеп-сырдаганга араң жетерин, айтор Кыргызстандын авиатармагынын айланасындагы айткан-дегендерин гезиттин бир бети менен толтура сөз кылган.

Гезит ошондой эле, Кыргызстандын Австралиядагы элчиси Р.Приживойттун болгар пенсионерге турмушка чыкканын, расмий сапар менен Кыргызстанга келе турган казак президенти Н.Назарбаевди бейөкмөт уюмдары Бишкекте пикет менен тосуп аларын, 17-мартта Аксы окуясына байланыштуу куран окутулуп, эскерүү иш-чаралары болорун, «Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн» бириккен фронт Боспиекте шейит кеткендер үчүн Бишкекте эскерүү-реквиемин өткөргөнү жатканын, Кулов башында турган фронтко жакында экс-губернаторлор Э.Өмүралиев менен Н.Касиев мүчө болуп киргенин кабарлады.


«Кыргыз руху» гезити экс-депутат О.Дүйшеев менен профессор Мамбетовдун
«Революциянын ишке ашпай калган мүдөөлөрү» деген макаласынын уландысын жарыялады. Авторлор Кыргызстандын жарандары салык төлөмдөрүн бай-кедей экендиктерине карабастан бирдей өлчөмдө төлөрүн, ал эми өлкө байлыгынын 90 пайызын калктын 10 пайызын түзгөн байлар кармап турарын, президент К.Бакиев болсо байлардан алына турган салык көлөмүн мындан да азайтууну каалаарын, анын бир мисалы катары Кыргызстанга бүгүн бир тыйын салык төлөбөй ишкерлик кылып жүргөн уулу Максим Бакиевдин атын атоо жетиштүү болорун жазышат. Эмне үчүн жаңы бийлик Акаев бийлигинин куюп койгондой көчүрмөсү болуп калды деген суроого, О.Дүйшеев менен А.Мамбетов мырзалар, анткени Бакиев деле Акаев убагында аким, губернатор, премьер-министр кызматында иштегендиктен кызыкчылыктары бир болуп калганын, азыркы Бакиев командасы кезинде Акаев менен биргелешип Кыргызстанды бузуп-талкалашкандар болгонун, көбү байлыкты түздөн-түз талап-тоноого катышканын, ошондуктан бийлик жаңыланууга, башында текейден арзан сатылган өлкө байлыгын кайра кароого караманча каршы туруп жатканын баяндап беришет.

Жаз келери менен Кыргызстанда эркектердин башы эки аял алуу деген маселе менен ооруй баштаганын, өлкө мыйзамында көп аял алгандарды түз эле түрмөгө кесип жиберчү мыйзам бар экенин, эгер аны алып салбаса аттуу-баштуу адамдарыбыздын далайынан ажырап каларыбызды кыйыткан «МСН» гезити, айрыкча М.Кайыпов башында турган Юстиция министрлиги катын алуу маселесине келгенде катуу алай-дүлөй түшүп жатканын жазып чыкты.

«Кыргыз туусу» гезити жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүүгө, бюджет кызматкерлеринин маяанасын көбөйткөнгө жана Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн Бишкекте өтө турган саммитин өткөрүүгө 2,9 миллиард сом кетерин, ал эми казына капчыгынын тартыштыгы 600 миллион сомду түзөрүн маалымдады. Гезит ошондой эле казак президенти Н. Назарбаевдин Казакстандын калкына кайрылуусунун урунттуу жерлеринен мисал келтирет. Маселен келерки жылдан тартып казак пенсионерлеринин пенсия көлөмү эл аралык стандартка жеткизилет, ар бир жаңы төрөлгөн балага 34 740 теңге бир жолку жөлөкпул төлөнөт жана бул сумма улам бала төрөлгөн сайын кошулуп турат, жакын араларда Казакстанда атом электр стансасын куруe иштери башталат.

Кыргызстандын айымдарын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктоону унутпаган «Эркин тоо» гезити аялзатына арнаган ырын 1-бетине гүл менен кошо жарыялады. Ушул эле сандан Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын начендиги, генерал майор М.Конгантиевдин окурмандары менен суроо-жообун да окууга болот.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG