Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

17:00 А. Сабиров: Тартип коргоо тармагындагы коррупция карапайым адамдардын тагдырына балта чабууда


Өзүн өзү өрттөп өлгөн кыргызстандык жаран Сабыржан Сабировдун уулу Абубакры Сабиров массалык маалымат каражаттары аркылуу президент Курманбек Бакиевге кайрылуусунда ушундай деп айтылат. Ал президентти бул тармактагы коррупциянын тамырын кыркууга чакырган. Абубакры Сабиров адам өмүрүнө кол салды деген айып менен эки жылдан бери тергөө абагында отуруп, атасы өлгөндөн кийин укук коргоочулардын жардамы менен убактылуу бошотулган. Анын айтымында, атасы жана өзү өздөрүн коргоо үчүн акча доолаган кылмышкерлерге каршылык көрсөтүшкөн. Атасы эки жыл бою буга каршы күрөшүп майнап чыгара алган эмес. (BuS)

XS
SM
MD
LG