Бул күнү Аксынын Боспиек айылында жана Бишкекте алаамат окуяда шейит кеткендерди эскерүү иш чаралары өтмөкчү. Депутат Азимбек Бекназаров бүгүн бул маселе боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу да пикирин айтмакчы. Мындан беш жыл мурда Аксыда депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, алты адам окко учкан болчу.(SM)