Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

МОСКВАНЫН КӨЧӨЛӨРҮН ШЫПЫРГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЖУМУШСУЗ КАЛЫШЫ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын баш калаасы Москвада көчө тазалаган короочулардын иши жакынкы мезгилдерде текшерүүгө алынат. Бул тууралуу орусиялык «Новые известия» гезити шейшемби күнкү санында жазды. Белгилүү болгондой, Москванын көчөлөрүн тазалагандардын арасында кыргызстандыктар басымдуулук кылат. Биздин Москвадагы кабарчыбыз Төрөкул Дооров орус баш-калаасында көчө тазалаган кыргызстандыктарды алдыда эмне күтүп жатканы тууралуу билгенге аракет кылды.

Москвада короочу болуп жумушка орношуу Кыргызстандан же Тажикстандан келген мигрант үчүн сыймыктана турган иш. Бул кызматка ар кимди эле ала беришпейт.

Салимбай ага Москванын түндүгүндөгү райондордун биринде көчө шыпырат. Ал азыр өзү иштеген объекттеги жертөлөдө үй-бүлөсү жана башка кыргызстандыктар менен бирге жашайт. Салимбай ага өзүнүн иши менен сыймыктана турганын айтты.

- Мен жакынкы райондордун биринде «дворник» (короочу) болуп иштейм.

«Азаттык»: Сиздердин ишиңиздер, башкалардыкына караганда, жеңилирээк болсо керек? Анткени милиция да кармабайт, жашай турган жериңиздер да бар, туурабы?

- Анысы туура. Айлык акыбыз деле орточо. Үй-бүлөбүз менен жашайбыз, бизге эч ким деле тийбейт. Кыштын күнү жумушубуз оор деңизчи, бирок жайкысын жеңилдеп калат. Эми азыр Москвада короочу болуп жумушка орношуу деген өтө бийик нерседей болуп калды. Башка жумуштарга караганда, биз үчүн көчө шыпырган өтө ыңгайлуу, - дейт Москванын көчөлөрүн шыпырып жүргөн Салимбай ага.

Бүгүн Москванын ар кайсыл райондорунда канча кыргызстандык мигрант көчө тазалап жүргөнү белгисиз. Шаардын чак ортосундабы, же четки райондордобу, айтор, каерде басып жүрбөңүз, саргылтым колтук-желек кийип алган кыргыздарды же тажиктерди көрө аласыз. Кышында көчөлөрдө кар күрөп, жайында таштандыларды шыпырып жүрүшкөн бул кишилер – короочулар.

Азыр Орусиядагы кыргызстандыктардын диаспорасы «Кыргыз биримдиги» деп аталган уюмду жетектеп келаткан Асылбек Муратбеков да бир топ жыл мурда, Москвада окуп жүргөн кезинде, ушул кызматка орношкон экен. «Ал учурда баары башкача эле», - дейт Асылбек мырза.

- Короочулардын схемасы мындай: Ар бир аймакка Турак-жай коммуналдык чарбачылыктан өзүнчө бир мастер бөлүнөт. Ал киши өзүнүн аймагындагы тазалыкка жооп берет. Москвадагы көп мастерлер документтердин баарында «Көчө тазалоого орусиялык жарандарды жумушка алдык» деп көрсөтүп коюшат да, чынында кыргызстандыктарды жалдап алышат. Документтерде короочулардын айлык акысы 15000-20 000 рубль деп көрсөтүлөт, бирок чынында кыргызстандык короочулар колуна болгону 12 000 рублдун тегерегинде акча алышат. Калган акча ошол мастердин чөнтөгүнө түшөт. Бул системада мен өзүм иштеп көргөм, андыктан алардын ики-чикисин жакшы билем. Мен студент кезде короочу болуп жумушка орношкон элем. Ал учурда азыркыдай башаламандык деген жок болчу, бирок азыр ошого бара жатат, - дейт «Кыргыз биримдиги» уюмунун жетекчиси Асылбек Муратбеков.

Москва шаардык «Турак-жай коммуналдык чарбачылыктары» короо тазалоочу кылып чет-элдиктерди жумушка алып, документтерди «Орусиянын жарандары иштеп жатышат» деп көрсөтүп жатышканын Федералдык миграциялык кызматтын Москва боюнча бөлүмү деле жакшы билет. Аталган органдын басма-сөз кызматынын өкүлү Денис Солдатиков биздин суроолорго жооп берип жатып, өзү деле Москвада көчөлөрдү шыпырып жүргөн кыргыздар менен тажиктерди көп жолуктуруп жатканын жашырбады.

Андан сырткары, Солдатиков жакынкы мезгилдерде Федералдык миграциялык кызмат Москвадагы Турак-жай коммуналдык чарбачылыктарынын ишмердүүлүгүн текшерүүгө ала турганын бышыктады.

- Бул өңдүү текшерүү иштерин биз дайыма эле жүргүзүп келатабыз. Бизге «короо шыпыргандардын ким экенин текшергиле» деген өңдүү кандайдыр бир буйруктар деле берилген эмес. Федералдык миграциялык кызмат соңку мезгилдерде бир топ тармактардын ишмердүүлүгүн мурдагыдан катуураак текшерүүгө ала баштаганы белгилүү. Алгач биз базарларды текшердик, андан ары курулушта иштеп жаткандардын абалы менен тааныштык, эми Турак-жай коммуналдык чарбачылыктарынын ишмердүүлүгүн текшергени жатабыз, - деди Федералдык миграциялык кызматтын Москва шаардык бөлүмүнүн өкүлү Денис Солдатиков.

«Кыргыз биримдиги» уюмунун жетекчиси Асылбек Муратбеков: «Эми көчө тазалагандардын иши да териштириле баштаса, бул тармакта иштеп жаткан кыргызстандыктар үчүн чоң проблеманы жаратат», - деп буга тынчсызданып жатканын билдирди. Анткени текшерүүдөн корккон чарбачылыктар кыргызстандыктарды массалык түрдө жумуштан бошотушу деле ажеп эмес. «Короочулардын ишиндеги баардык кыйынчылыктарына карабай, кыргызстандык мигранттар бул жумушта иштегенди самашат», - дейт Асылбек мырза.

- Москванын көчөлөрүн тазалап жаткандардын дээрлик жарымысы эле кыргыздар. Бул – жакшы изилденген маселе. Орусиялыктарга, мисалы, жергиликтүү бийликтер кышында көчөдө кар күрөгөнү үчүн 18 000-20 000 рубль төлөшү керек болсо, биздин жарандарга болгону 10 000-12 000 тегерегинде акча берип кутулушат. Кыргыздар кышында ошого деле ыраазы болуп, иштеп жатышканынын себеби - аларга жашаш үчүн «подвалдын» бир бурчун беришет. Алар ошого деле ыраазы, квартира үчүн өзүнчө акча төлөшпөйт. Кыргызстандык короочуларды көбүнчө үйлөрдүн астындагы жертөлөлөргө жайгаштырышат. Алар ал жерлерге дагы башка кыргызстандыктарды алып келип, көп-көп болуп жашашат, - дейт «Кыргыз биримдигинин» жетекчиси Асылбек Муратбеков.

XS
SM
MD
LG