“Биздин пикирибиз боюнча, президент Лукашенко жана Беларус өкмөтү менен мамилелерди жакшыртуучу мезгил келди” деди Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Солана. Учурда Минскте Евробиримдиктин өкүлдөрү менен Беларус өкмөтүнүн жолугушуусу өтүп жатат. Евробиримдиктин атын атагысы келбеген дипломатынын айтымында, жолугушууга өкмөттүн дагы, оппозициянын өкүлдөрү дагы катышууда.