8-мартта болгон Эл аралык валюта корунун Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча жогорку кеңешчиси Дэйвид Оуэн менен Азим Исабековдун жолугушуусунда Кыргызстандын валюта кору менен мындан аркы кызматташуу талкууланган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан жума күнү кабарлашты. Азим Исабеков кыргыз тарап үч жылдык программа соңуна чыккандан кийин кызматташууну андан ары улантууга кызыкдар экендигин билдирген. (AiT)