Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

АК ТАҢДАЙ АКЫН АШЫРААЛЫ 80 ЖАШТА


Ак таңдай төкмө акын, обончу-ырчы, таанымал дастанчы, эл артисти Ашыраалы Айталиев 80 жашка чыкты.

Залкар төкмө акын, манасчы Балык жаш чагын Кеңколдун башындагы Алакчын уруусунун Шаабото уругунан чыккан Жантай аталган Ажыбек манап менен өткөрөт. Балыкты Байтик баатыр Ажыбек даткадан ырчылыкка сурап алат. Ошондо ал Ажыбек манапка коштошкону барат да:

Манасты мактап отурам,
Мактап айтты дебеңер.
Ажыбектей атамды
Жаныма алып отурам.
Суу сураса, бал берген
Суусар энем аман бол,
Ат сураса төө берген
Ажыбек атам аман бол,
Топурак бел, шыбак бел
Тооң менен аман бол,
Кызыл адыр эчкилүү
Кыркың менен аман бол,
Коштошоорго тилим жок,
Кошуң менен аман бол,
Куайыны көп берген
Кудаяр, Нурак аман бол.
Малын үйүнө жоктогон
Кулжа көөдөн, кең чалбар,
Казактын журту аман бол, - деп коштошот.

Ал эми Балык “Манастын күмбөзүн” мындайча сыпаттаптыр:

Алтымыш эркеч майына,
Кыш бышырып бек урган,
Алты кылым өткөнчө
Бузулбасын деп урган
Жетимиш эркек майына
Кыш бышырып бек урган
Жети кылым өткөнчө
Бузулбасын деп урган – деген шекилдүү, эскерилбей унутта калган ак таңдай залкар акындардын мурастарын 2003-жылдан бери “Айтыш” коомдук корунун алдындагы жаш таланттарды төкмөлүк өнөргө таптап, насаатчы болуп келе жаткан көрүнүктүү шайыр Ашыраалы Айталиев кутмандуу 80 жашка чыгып отурат. Ал туубаса көп кырдуу талант – төкмө акын, обончу, дастанчы. Ашыраалы:

Атамдай болгон агайым,
Көрсөтсөң үлгүң алайын,
Кошулуп ырдап бир жүрүп,
Сиз барган жерге барайын – деп, эр жеткенден улуу акын Осмонкулду ээрчип, түбүн ичип, батасын алып, шакирти аталат. Бара-бара ал устатынын жолун жолдоп, ыр берметтерин сабалата төккөн азыркыдай атактуу ак таңдай акын атыгат. Балапан чагынан жан дүйнөсүн уламалуу кептерге, укмуштуу ырларга, обондорго, күүлөргө сугарган Ашыраалы төкмөлүк менен бирге чыгармачылыгында обончулукту, ырчы-аткаруучулукту да өнүктүрөт. Анын туубаса лирик обончулугу ар бир угуучунун жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салган “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюңда кимдин гүлүсүң” сыяктуу ырларында көрүнөт. Ашыкеңдин “Нарындан жазган салам кат” аттуу ыры аткаруучулардын, угуучулардын арасында “Нарындан кат”, “Сагынганда” деген аттарда ырдалып келет. Ырда бозойдун калаада калган ак жаркын жарын алыста жүрүп сагынганы, көздөн учкан караанын көрсөм деп көксөгөнү, кара жанын садага чапканга дайым даяр экени баса ырдалат.

Ашыкемдин шакирттеринин бири, белгилүү жаш төкмө Элмирбек Иманалиев устаты тууралы мындай дейт:

- Элибиздин руханий байлыгынын туу чокусу болгон төкмө акындык өнөрдүн бир ыптасы опол тоодой болгон акыныбыз, устатыбыз Ашыраалы Айталиев менен толукталып турат. Мына 8-мартта аксакалыбыз кутмандуу 80 жашка чыкты. Мындайча айтканда өткөндөрдү кошпогондо биздин замандын аксакал төкмө акындардын ичинен биринчи жолу көзүнүн тирүүсүндө 80 жашка чыгып отурганы десек болот. Мен өзүм башында Тууганбай Абдиевден үлгү алсам кийин Ашыкемдин да санат, насыят, термелерин угуп жүрөбүз. Азыр 15тен ашык шыктуу балдар Ашыкемдин таалим тарбиясын, айтыш өнөрүн улантууда.

Карт тарыхтын барактарына көз чаптырсак байыркы төкмө акындардын, ырчылардын бардыгы көңүлдөрү сүйүп, жүрөктөрү чапкан элдик казалдары (дастандары) айтышкандарына да күбө болуп жүрөбүз. Ашыкең да акындардын салтын улап чыгармачылыгында кенже дастандарды айтууну өөрчүткөн. Айталиевдин айтуучулук күчү, жүзү “Карагул ботом”, “Акмөөр”, “Мырзауул менен Аксаткын” деген дастандарда көрүнөт.

Ашыкемдин шакирттеринин улуусу Амантай Кутманалиев мындай дейт:

- Ашыке 80 жашыңдын,
Жыйырмасына күбөмүн
Сиз менен 60 жаштан бери
Аралашып жүрөмүн,
Фрунзе деген калаадан
Бери карай билемин – дегендей Ашыкемди жыйырма жылдан ашык билемин. Совет доорундагы төрт эле төкмө калды, Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай, Замирбекти айтып жүрбөдүкпү. Ашыкемден көп нерсени алдык. Айрыкча Ашыкемдин кара төкмөчүлүк жагы бизге көп жукту. Ар бир устаттын ар кандай жагы болот экен. Маселен, мен комуз чертип, үндү коштоону аткаруучулук манераларды Эстебестен алдым. Ашыкемден болсо сөз жагын, Замирбектен анын жүрүш-турушунан, маданиятынан алдым. Тууганбай байкеден болсо чагылгандай сүйлөгөн чоңколук курч сөздөрүн, эски дастандарды угуп, угуучулардын айтыш кептерин алдык. Ашыкеме арнаган ырымдын бир жеринде:
Көңүлүнө жакчу эмес,
Көнүмүш ырлар жатталган,
Өз оюңдан таап айт деп,
Мени өтө катуу башкарган.
Эсимде калды бир учур,
Эл алдында Чаткалдан,
Бир эсте калган ырлардын,
Эки-үчөөнү аткаргам.
Ошондо таап айтып оңол деп,
Болбосо Таласыңа жогол деп,
Таяктай тийбей аз калган,
Курсагым тойбой ал күнү ач калган.
Кубалап ийбей аз калган,
Өзүмчө жамактаганым,
Ошондон киийн башталган, - деп жамактап ырдашыма Ашыкем себепчи болгон. Ашыкемди ээрчип акындыгымдын отун тутанткамын. Биздин тилек тоодой таштай залкар устатыбыз кашыбызда жүзгө чыкканча туруп берсе деймин.


Азыркы күндө Ашыкемден он беш бала таалим алат. Алардын ичинен Эсенбек, Mарат, Шайлообек устатынын дөөлөттүү 80 жашка чыкканын мындайча куттукташты.

Эсенбек Кийизбаев:
Ардактуу тууган агайын,
Алтындан кумду чайкайын,
Атактуу төкмө атабыз
Ашыкем жөнүн айтайын,
Энчилеп алып калсак деп,
Азыр артында ээрчип жүрөбүз,
Ошо тийсе экен бизге батасы.

Марат уулу Асылбек:
Сексенге келди атабыз,
Бул күндө сабагын алып жатабыз,
Кут болсун кутман жашыңыз,
Кубанып дайым жашаңыз.
Эмгеги сиңген элине,
Көрк кошкон кыргыз жерине
Көөнөрбөс сиздей акындар,
Көп эле болсо эмине.
Ашыкемдин эмгектерин баалайлы,
Чын ден-соолук каалайлы,
Эми жанымда турат,
Шайлообек деген ардагым,
Ырымдын ар жагын улап кетчи.

Шайлообек Кыдыралиев:
Ак калпак Ашыраалысың,
Унутпай баары таанысын,
Элдики болуп көп ыры,
Элимде жүрөт дагы чын.
Казак, өзбек билет дейт,
Сураба акын кайсы ырын,
Казагым дагы талашат,
Калкымдын тирүү байлыгын.
Алымкул менен бир жүрүп,
Таласка барып туйладың,
Сооронбек менен бир жүрүп,
Сонун сөз таап ырдадың.
Унутта кеттиң бирок,
Унутулдуң ырларың,
Ар бир сөз салмак санаттай,
Карамолдо, Саякбай,
Ээрчишип көлгө барганда,
Эл кетпей турчу таңатпай.
Эстелбей калды ырларың,
Эскирген эски барактай,
Астейил чаап чепкенди,
Атаке бастың сексенди.
Болду го токтотпо,
Өнөрдөн алып кеткенди,
Уч улап келет көп жаштар,
Көбүнө үйрөт төккөндү.
Таланттан бүткөн агабыз,
Таш сындырат такаңыз,
Ден-соолукта оорубай,
Жүз жаштан ашып жашаңыз.
Бакайдын сүйгөн элинин,
Баарына жетсин батаңыз.

Ал эми биздин Ашыкебизге кааларыбыз кыргыз калкынын булбулу, өнөрүбүздүн дулдулу болуп, эл ичинде, жер бетинде айдан аман, жылдан эсен, бирде ырыңызды ырдап, бирде обонуңузду созуп, бирде дастандарыңызды айтып, эл сыйына татып, төрдүн куту болуп жүрө бериңиз демекчибиз.
XS
SM
MD
LG